ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 17-майы № 2
Айылдык кеңештин төрагасын жана орун басарын шайлоо жөнүндө
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн комиссиянын протоколунун жана көпчүлүк депутаттардын сунуштарынын негизинде Төрт-Гүл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн эсептөө комиссиясынын протоколу бекитилсин.
2. Көпчүлүк добушка ээ болгон Ибраимов Сайитали Маккамбаевич Төрт-Гүл айылдык кеңешинин төрагасы болуп бекитилсин
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү Баткен аймактык шайлоо комиссиясына жана Баткен райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
Төрага |
С.Ибраимов |