ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 10-июну № 2
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин Иш планын бекитүү жөнүндө
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин иш планын бекитүү максатында депутаттар арасында кеңири талкуу жүрүп Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин 2021-жылга карата иш-планы бекитилсин (тиркеме тиркелет)
2. Токтомдун аткаруу жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңештин төрагасы С.Ибраимовко жүктөлсүн.
Төрага |
С.Ибраимов |
Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин 2021-жылга карата иш планы долбоор
№ | Аткарылуучу Маселелер | мөөнөтү | аткаруучулар | |
1 | Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын социалдык экономикалык өнүгүү боюнча аткарылышы жана 2021-2022-жылдарга планы жөнүндө |
июнь | Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиялары | |
2 | Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы сугат жерлеринин суу менен камсыз болушу. | июль | Жер маселелери боюнча туруктуу комиссиялары А/К кезектеги сессиясы | |
3 | 1.Айылда медициналык жактан тейлөө абалы 2.Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга балдарга карата ырайымсыз мамилелердин,зордук зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | август | Координациялык кеңеш,мыйзамдуулук боюнча мандаттык комиссия,депутаттык статус,этика билим жана маданият боюнча комиссия
| |
4 | 1.Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектеп,балдар бакчаларынын ремонттон өткөрүлүшу,жаңы окуу жылына карата даярдыгы. 2.Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектеп,балдар бакчаларын жана ФАП тардын кышка карата даярдыгы | Август | Туруктуу комиссиялар | |
5. | Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү салыктарынын аткарылышы | Октябрь | Экономикалык,финасы,бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясы | |
6. | Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысынын 9 айдын жыйынтыгы боюнча отчёту | октябрь | Туруктуу комиссиялар | |
7. | 2022-жылга карата планын жана 2023-2024-жылдарга карата план прогнозун бекитүү | декабрь | Туруктуу комиссиялар. | |