ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХХХ сессиясы
2021-жылдын 5-апрели № 2
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Турпак айылындагы Б.Нуралиев атындагы орто мектебине керектүү жабдууларды сатып алуу долбоорун колдоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эралиевдин Ак-Турпак айылындагы Б.Нуралиев атындагы орто мектебине керектүү жабдууларды сатып алуу долбоору жөнүндөгү сунушун угуп депутаттар арасында кеңири талкуулап Төрт-Гүл айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Ак-Турпак айылындагы Б.Нуралиев атындагы орто мектебине керектүү жабдууларды сатып алуу долбоорун каржылоо үчүн 2021-жылдагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 442300(төрт жүз кырк эки миң үч жүз)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин
2. Айылдарды инвестициялоо долбоорунун (АИД-3) алкагында Ак-Турпак айылындагы Б.Нуралиев атындагы орто мектебине керектүү жабдууларды сатып алуу кичи долбоорун ишке ашыруу үчүн 442300(төрт жүз кырк эки миң үч жүз) сом акча каражаты менен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүң ФЭБ башчысы Р.Кочкоровага милдеттендирилсин
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айылдык кенешинин бюджет боюнча комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
М.Соорбаев |