ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХХХ сессиясы
2021-жылдын 5-апрели № 3
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Талаа айылынын жаңы конуштарынын башкы планын бекитип берүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эралиевдин Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Талаа айылынын жаңы конуштарынын башкы планын бекитип берүү жөнүндөгү сунушун угуп депутаттар арасында кеңири талкуулап Төрт-Гүл айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Талаа айылынын жаңы конуштарынын башкы планы бекитилсин.
2. Чоң-Талаа айылынын жаңы конуштарынын башкы планына тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эралиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айылдык кенешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.Соорбаев |