Редакцияот 01.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХХV сессиясы

 

2020-жылдын 1-июлу № 6

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” №124-токтомунун негизинде  Төрт-Гүл айылдык  Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги  ХХV-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү”  №124-токтомунун негизинде  Төрт-Гүл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы штаттык бирдиги бекитилсин.

2.    Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу  жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р.Кочкоровага жүктөлсүн.

 

Төрага

 

М.Соорбаев