Редакцияот 09.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2020-жылдын 9-декабры №35/2

Чүй айыл өкмөтүнүн социалдык  бөлүмүнүн 2020 -жылдын 9-айында аткарган иштери туралуу

 

     Чүй айыл өкмөтүнүн социалдык  бөлүмүнүн   жетектөөчү адиси  У.Абдыканованын 2020-жылдын 9-айында аткарган ишинин маалыматын угуп жана депутаттардын сунуштарын, толуктоолорун эске алуу менен  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын   31- беренесине ылайык,  Чүй айылдык  кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Чүй айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча жетектөөчү адиси У.Абдыканованын 2020-жылдын 9-айында аткарган иштери туралуу маалыматы бекитилсин, жана анын ишине канааттандырарлык деген баа берилсин.

2.Ушул Токтомдун  аткарылышын көзөмөлгө алуу иши  Чүй айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча төрагасы Р.Солтобаевге  жүктөлсүн.

 

Төрага

З.Амангельдиев