Редакцияот 24.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXХ СЕССИЯСЫ

 

2021-жылдын 24-февралы № 309/40-4

Токмок шаарынын муниципалдык  ишканалар комбинатынын турмуш-тиричилик катуу калдыктарын ташып чыгаруу үчүн кызмат көрсөтүүлөрүнө жаңы тарифти бекитүү жөнүндө

 

           Коммуналдык ишканалар комбинатынын директору Э.Т Жакупбековдун өтүнүчүн карап чыгып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 29-декабрындагы №84 буйругуна ылайык жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

     1.Токмок шаарынын муниципалдык ишканалар комбинаты тарабынан катуу турмуш-тиричилик таштандыларын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифи 2021-жылдын 1-мартынан тартып, Токмок шаарынын ар бир жашоочусунан айына 21 (жыйырма бир) сом өлчөмүндө бекитилсин.

     2.Токмок шаардык кеңешинин 2014-жылдын 15-апрелиндеги №106/14-3 токтому өз күчүн жоготту деп таанылсын.

     3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн 

Төрага

Т. А. Солтобаев