Редакцияот 24.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXХI СЕССИЯСЫ

 

2021-жылдын 24-майы № 318/41-4

Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 14-августундагы № 163/24-4 «П-1 зонасынан Ж-2 зонасына жер участогун турак жай үйдү курууга өткөрүп берүү жөнүндө”  токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”

 

     Токмок шаарынын тургуну Н.О.Рахматовдун арызынын негизинде, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык  менчикти көзөмөлдөө  боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2021-жылдын 21-майындагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, Мыйзамын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 14-августундагы №163/24-4 «П-1 зонасынан Ж-2 зонасына жер участогун турак жай үйдү курууга өткөрүп берүү жана “ Токмок ш. Курулуш жана Жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”  токтомуна өзгөртүү киргизилсин:

1-бөлүгүндөгү дареги:

-Токмок шаарынын  Токмок  көчөсү  №58E, Токмок шаарынын  Мира №42A  алмаштырылсын.

2.Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 29-декабрындагы №188/26-4 токтому өз кʏчʏн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык  менчикти көзөмөлдөө  боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн. 

 

Төрага

 

Т. А. Солтобаев