Редакцияот 13.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ысык-Ата айылдык Кенешинин 27-чакырылган кезексиз XXIX (жыйырма тогузунчу) сессиясы

 

2020-жылдын 13-июлу №185/XXIX-27

Ысык-Ата айыл аймагына интернет кабелин өткөрүүгө топосъемка жасатуу жөнүндө

 

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган  акча каржатын төмөндөгү багытка жумшоо максатта Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:

1.    Ысык-Ата айыл аймагына интернет кабелин өткөрүүгө керектелүүчү “топосъемкага”58,0 (элүү сегиз) миң сом акча каражаты Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2020-жылга каралган бюджетинен которууга уруксат берилсин.

2.    Бул токтомдун аткарылышы каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жана  айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.

      Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

Төрага

Т. Чолпонбаев