Редакцияот 24.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ысык-Ата айылдык Кенешинин 27-чакырылган кезектеги XXX (отузунчу) сессиясы

 

2020-жылдын 24-декабры №189/XXX-27

Калиев Болотбек Матановичке “Ысык-Ата айыл аймагынын Ардактуу Атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

             Таш-Башат айыл тургундарынын “Калиев Болотбек Матановичке “Ысык-Ата айыл аймагынын Ардактуу Атуулу” наамын ыйгарууну өтүнүп кайрылган”  кайрылуу каты менен Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары таанышып чыгып, Ысык-Ата айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 31.2-пунктусуна ылайык Калиев Болотбек Матанович - Ысык-Ата айылдык Кенешинин 3 чакырылышынын депутаты,             Таш-Башат айылына инвестицияларды тартып келип, социалдык –экономикалык абалын өнүктүрүүгө, айыл аймактын мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алып, Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:

1.    Калиев Болотбек Матановичке Ысык-Ата айыл аймагынын “Ардактуу Атуулу” наамы  ыйгарылсын.

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык иштер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Чолпонбаев