Редакцияот 29.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 29-январы №120/ XXVII-27

 

Нурманбет айыл өкмөтү менен  Ысык-Ата райондук мамлекеттик

статистика бөлүмүнүн  ортосундагы статистикалык маалыматтарды топтоого айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча  келишимди бекитүү жөнүндө

 

Нурманбет айылдык кеңеши кезектеги сессиясында Нурманбет айыл өкмөтү  менен Ысык-Ата райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн ортосундагы статистикалык маалыматтарды топтоого айрым мамлекеттик ыйгарым  укуктарды берүү боюнча келишимди бекитүү жөнүндө маселени карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу жөнүндө ” мыйзамынын 20- беренесинин 2- пунктуна  жана   Кыргыз Республикасынын 

“ Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” мыйзамына таянып токтом кылат:

1. Нурманбет айыл өкмөтү менен  Ысык-Ата райондук мамлекеттик

статистика бөлүмүнүн  ортосундагы статистикалык маалыматтарды топтоого айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү   келишими бекитилсин .

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары:

Ж.Сагынбекова