Редакцияот 10.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

 

2021-жылдын 10-августу № 35

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылындагы жаңыдан курулган балдар бакчасын ачууга макулдук берүү жөнүндө

 

Ак-Татыр  айыл  өкмөтүнүн  Рават  айылынын  жашоочуларын  жашоо  шартын  эске алып, мектеп жашына  чейинки  балдардын татыктуу тарбия алуусуна шарт  түзүү  максатында  Рават айылындагы  жаңыдан  курулган “Ак шоола”  балдар  бакчасына 

2( эки) толук  күндүү тайпа ачууга макулдук берүү жана Рават айылындагы иштеп  турган Байчечекей  балдар  бакчасы  1( бир) толук күндүү  тайпа боюнча сакталышын, угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр  айылдык   Кеңешинин  V  чакырылышынын   кезектеги  XIX сессиясы  токтом кылат

1.    Ак-Татыр  айыл  өкмөтүнүн  Рават  айылындагы   жаңыдан  курулган муниципалдык “Ак шоола” балдар  бакчасына  2( эки) толук  күндүү  тайпа  ачууга  макулдук  берилсин.

2.    Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылындагы иштеп турган Байчечекей балдар бакчасы 1 (бир) толук күндүү тайпа боюнча сакталсын.

3.     Ак-Татыр  айыл  өкмөтүнүн  Рават  айылындагы   муниципалдык   балдар  бакчаларынын   штаттык  бирдигин  чечип  берүү  жагы  Баткен райондук  билим  берүү  бөлүмүнөн  суралсын.

4.    Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  Ак-Татыр айыл  өкмөтүнүн  башчысы  К.Нурмаматовко   милдеттендирилсин

 

Төрага

Ибраим уулу Т.