АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын кезектеги ХIХ сессиясы
2021-жылдын 10-августу № 37
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылына мектеп курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылында айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган 3 га жер аянтын мектеп курууга, айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Мажитовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылында айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган 3 га жер аянтын, Рават айылына мектеп куруу үчүн берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү докуметтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адиси М. Мажитовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары: | Зарматова З. |