АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын кезектеги ХIХ сессиясы
2021-жылдын 10-августу № 33
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн ЖПБнин жайыт комитетинин 2021-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштеринин отчёту жөнүндө
Ак-Татыр ЖПБнын жайыт комитетинин 2021-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштеринин отчётун угуп жана талкуулап чыгып айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы токтом кылат
1. Жайыт комитетинин 2021-жылда 6 ай ичинде аткарылган иштери кемчилдиктер менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айылдык кеңешинин айыл чарба,өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ибраим уулу Т. |