АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын кезектеги ХIХ сессиясы
2021-жылдын 5-майы № 27
Чара көрүү жөнүндө
Ак-Татыр айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартип чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясы, тажик-кыргыз чек арасында чыккан жаңжалга байланыштуу, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Нурмаматов Кубанычбек Досболовичке чара көрүү боюнча угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезекcиз XVIII сессиясы токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Нурмаматов Кубанычбек Досболовичке катуу сөгүш берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартип чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ибраим уулу Т. |