АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын кезексиз ХVI I I сессиясы
2021-жылдын 5-майы № 25
Маматалиев Кудайбердинин арызын кароо жөнүндө
2021-жылдын 14-апрелиндеги № 02-30/87 катынын негизинде Маматалиев Кудайбердинин туура эмес эсептелип калган айлык маянасын кароо боюнча айылдык кеңешинин финансы бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясынын № 3 протоколунун негизинде Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезекcиз XVIII сессиясы токтом кылат
1. Маматалиев Кудайбердинин туура эмес эсептелип калган айлык маянасы кайрадан эсептелип, мыйзамдын чегинде чечип берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айылдык кеңешинин финансы бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ибраим уулу Т. |