Редакцияот 05.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын кезексиз ХVIII сессиясы

 

2021-жылдын 5-майы № 20

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз айылынын Көк-Терек участкасында, тажик - кыргыз чыр-чатак  жөнүндө

 

            Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз айылынын Көк-Терек , Жака-Өрүк жана Мазеиттин жери участкаларында Тажикстан – Кыргызстан ортосунда чыккан чыр-чатактын кесепетинен чыккан өзгөчө кырдаалдын айыдан адамдардын өмүрүн сактоо, авариялык куткаруу жана эвакуациялоо, кооптуу участкаларды коргоо жана калктын туруктуу жашоосун жана күч структуралардын иштешин камсыз кылуу максатында Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын  кезекcиз  XVIII сессиясы  токтом кылат

1.    Тажикстан-Кыргызстан ортосунда чыккан чыр-чатактын кесепетинен өзгөчө кырдаалдын айыдан адамдардын өмүрүн сактоо, авариялык куткаруу жана эвакуациялоо , кооптуу участкаларды коргоо жана калктын туруктуу жашоосун жана коопсуз эвакуацияланышы , күч структуралардын иштешин камсыз кылуу үчүн тамак-аш , күйүүчү май жана керектүү эмеректер жана материалдар менен камсыз кылуу  иши жүргүзүлсүн.

2.    Көк-Теректе жашаган тургундардын арасындагы жаш балдар менен жардамга муктаж адамдардын эвакуацияланышы жана кокустан жарат алгандарды медициналык жактан тез жардам менен камсыз болсун.

3.    Көк-Терек участкасында жабыркаган үй-бүлөлөр  убактынча  коопсуз жерге жайгаштырылсын.

4.    Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн. 

5.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 

 

Төраганын орун басары

Зарматова З.