ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги III -сессиясы
2021-жылдын 26-июлу № 17
Баткен-Чек маршруттук каттамдын жол акысын бекитүү жөнүндө
Дара айыл аймагына караштуу Чек айылынын 2021-жылдын 9-июлундагы элдик чогулуштун протоколун талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы токтом кылат:
1. Баткен-Чек маршруттук каттамдын жол акысы 1км х1сом 50 тыйын болуп бекитилсин.
2. Баткен-Чек маршруттук каттамдын жол акысы 7 жаштан 11 жашка чейинки окуучулар үчүн 1км х1сом болуп бекитилсин.
3. Тийиштүү болгон иш-кагаздарын бүтүрүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге тапшырылсын.
Төрага: | Р.Сайкалова |