ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги III-сессиясы
2021-жылдын 26-июлу № 20
Жаңырык айылынын тургуну Маширап уулу Кубатбекке материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңырык айылынын тургуну Маширап уулу Кубатбектин тезинен боорун алмаштыруу керек экендиги жана операция чет өлкөдө жасалыш керек болуп жаткандыгы жөнүндө Дара айылдык кеңешинин депутаты Умаров Адилбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңырык айылынын тургуну Маширап уулу Кубатбекке 100 000 (жүз миң) сом акча каражатын материалдык жардам катары бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Экономика-финансы, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мисиралиевке милдеттендирилсин.
Төрага: | Р.Сайкалова |