ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги II-сессиясы
2021-жылдын 10-июну № 8
2021-жылдын 10-февралындагы Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XХXI сессиясынын №10-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2021-жылдын 10-февралындагы Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XХXI сессиясынын №10-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө даярдалган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын 2021-жылдын 10-февралындагы кезектеги XХXI сессиясынын №10-токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2020-жылда аткарган иштери канаатандыраарлык жана 2021-жылга карата түзүлгөн жылдык планы 169400 (бир жүз алтымыш тогуз миң төрт жүз ) сомго жана иш-планы бекитилсин.
3. Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2021-жылга карата жайыт акыларынын тарифи уйга 100сом, музоого 70сом, жылкыга 120сом, кой-эчкиге 20 сом, дары-чөптөрдү чогултууга 0,01га 50сомго, кургак отунду пайдалануу үчүн 1м3-400сомго, жайыттарды мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу келишимдин негизинде 0,01га- 10 сомго бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага: | Р.Сайкалова |