ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги II-сессиясы
2021-жылдын 10-июну № 10
Кайыңды айылынын көчөсүнө М.Асановтун атын ыйгаруу жөнүндө
Кайыңды айылына маркум М.Асановтун атын ыйгаруу жөнүндөгү Кайыңды айылынын тургундарынын 2021-жылдын 10-апрелиндеги жалпы чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылыт:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылынын мурдагы Сары-Чечме көчөсүнө Мурзамамыт Асановтун атын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Мыйзамдуу иш-кагаздарды жүргүзүү жагы жер маселелер боюнча башкы адиси Зайниев Манаска милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага: | Р.Сайкалова |