Редакцияот 10.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дара айылдык Кенешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги II-сессиясы

 

2021-жылдын 10-июну № 12

Кайңыды айылынын тургуну жеке ишкер Ы.Мурзамамытовтун арызын кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Дара айыл аймагынын Кайыңды айылындагы Таш-Кетчү участкасындагы 1га жайыт жеринин категориясын которууга (трансформациялоого)   макулдук берүү боюнча Кайыңды айылынын тургуну жеке ишкер Ы.Мурзамамытовтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык  Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат: 

1.    Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылындагы Таш-Кетчү участкасындагы жайыт жеринин 1га  жер аянты жайыттар  категориясынан, “өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер”  категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.    Дара айыл аймагынын Кайыңды айылындагы Таш-Кетчү участкасындагы жайыт жеринин 1га  жер аянты жайыттар  категориясын “өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин агрардык маселелер жана мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо жана текшерүү иштери  боюнча туруктуу  комиссияларына жана  айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.

 

Төрага:

Р.Сайкалова