Редакцияот 10.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дара айылдык Кенешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги II-сессиясы

 

2021-жылдын 10-июну № 15

2021-жылдын 10-февралындагы  Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XХXI сессиясынын №12-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-февралындагы  Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XХXI сессиясынын №12-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Дара айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковтун даярдалган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин жогорулатуу, инвестицияларды тартуу максатында Дара айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:

1.    Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын 2021-жылдын 10-февралындагы кезектеги XХXI сессиясынын №12-токтомуна техникалык ката кеткендигине байланыштуу өзгөртүү киргизилсин.

2.    Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө  Жаңы-Жер айылындагы эски вино-заводдун түштүк-батыш тарабындагы 487-контурунан  4,0га жер аянты жайыт жерлери категориясынан, “өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер”  категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана  айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.

 

Төрага:

Р.Сайкалова