Редакцияот 10.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги ХХХI-сессиясы

 

2021-жылдын 10-февралы № 3

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  2020-жыл үчүн  айыл чарба өндүрүшү боюнча индикативдик планынын  аткарылышы жана  2021-жылга карата индикативдик  планын бекитүү жөнүндө

  

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жыл үчүн  айыл чарба өндүрүшү боюнча индикативдик планынын  аткарылышы жана 2021-жылга карата индикативдик  планын бекитүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап,  Дара айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХXI сессиясы токтом кылат: 

1.    Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жыл үчүн  айыл чарба өндүрүшү боюнча индикативдик планынын  аткарылгандыгы белгиленсин.    

2.    Дара айыл өкмөтүнүн  2021-жылга карата түзүлгөн индикативдик  планы бекитилсин. 

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Сайкаловко жана айыл өкмөтүнүн экономист-статист башкы адиси К.Курбанбаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага:

М.Султанов