Редакцияот 10.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги ХХХI-сессиясы

 

2021-жылдын 10-февралы № 6

“Дара-Суусу” ИСКАКБсынын   2019-жылга аткарган иштери жана 2020-жылга карата бюджетинин түзүлүшү жөнүндө

 

Дара айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн  аймагындагы  “Дара суусу” ИСКАКБсынын  2019-жылга аткарган иштери жана 2020-жылга бюджетинин түзүлүшү жөнүндө  А.Амиралиевдин  даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин  VI чакырылышынын кезектеги XХXI сессиясы токтом кылат:      

1.    Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  аймагындагы “Дара-Суусу”  ИСКАКБсынын  2020-жылда аткарган иштери канатандыраарлык деп белгиленсин жана 2021-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 603260 (алты жүз үч миң эки жүз алтымыш) сом, чыгаша бөлүгү 603260 (алты жүз үч миң эки жүз алтымыш) сомго бекитилсин.

2.    Таза-суу пайдаланган ар бир жаран үчүн айына 15 сом болуп белгиленсин жана акча каражатын чогултуу үчүн кассирлерге жыйналган акча каражатынан 20%, планга жетпесе 15% берилсин.

3.    “Дара-Суусу” ИСКАКБсы менен таза-сууга келишим түзбөй, таза-суу пайдаланганы аныкталса кожолугундагы катталган жанга эсептелүүчү акча каражаты 2 эселенген түрдө төлөнсүн.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага:

М.Султанов