Редакцияот 10.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги ХХХI-сессиясы

 

2021-жылдын 10-февралы № 7

Ак-Суу Баткен ИСКАКБсынын  2020-жылда аткарган иштери  жана 2021-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө

 

Ак-Суу Баткен ИСКАКБсынын 2020-жылда аткарган иштери   жана 2021-жылга карата түзүлгөн бюджети боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХXI сессиясы токтом кылат:

1.    Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  аймагындагы “Ак-Суу” Баткен  ИСКАКБсынын 2020-жылда аткарган иштери канатандыраарлык деп белгиленсин жана 2021-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 479220 (төрт жүз жетимиш тогуз миң эки жүз жыйырма) сом, чыгаша бөлүгү 479220 (төрт жүз жетимиш тогуз миң эки жүз жыйырма) сомго бекитилсин.

2.    Таза-суу пайдаланган ар бир жаран үчүн айына 15 сомдон белгиленсин жана акча каражатын чогултуу үчүн кассирлерге жыйналган акча каражатынан 20% берилсин.

3. “Ак-Суу Баткен” ИСКАКБсы менен таза-сууга келишим түзбөй, таза-суу пайдаланганы аныкталса кожолугундагы катталган жанга эсептелүүчү акча каражаты 2 эселенген түрдө төлөнсүн.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага:

М.Султанов