Редакцияот 10.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги ХХХI-сессиясы

 

2021-жылдын 10-февралы № 10

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин  2020-жыл ичинде аткарган иштери жана 2021-жылга карата түзүлгөн жылдык сметасын, жайыт акысын бекитүү жөнүндө

 

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2020-жыл ичинде аткарган иштери жана 2021-жылга карата түзүлгөн жылдык сметасын, иш-планын, жайыт акы жана инвестициялык планын  бекитүү  боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин  VI чакырылышынын кезектеги ХХХI сессиясы токтом кылат:

1.    Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2020-жылда аткарган иштери канаатандыраарлык жана 2021-жылга карата түзүлгөн жылдык планы 169400 (бир жүз алтымыш тогуз миң төрт жүз ) сомго жана иш-планы бекитилсин. 

2.    Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2021-жылга карата жайыт акыларынын тарифи уйга 100сом, музоого 70сом, жылкыга 120сом, кой-эчкиге 20 сом, дары-чөптөрдү чогултууга 0,01га 50сомго, кургак отунду пайдалануу үчүн 1м3-400сомго, жайыттарды мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу келишимдин негизинде 0,01га-25 сомго бекитилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер   боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.   

 

Төрага:

М.Султанов