Редакцияот 22.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги ХХХ сессиясы

 

2020-жылдын 22-декабры № 47

Жаңырык айылына жаңыдан курула турган маданият үйүнө 1500000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү  Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2019-жылдын 16-августундагы №44 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Дара айыл аймагынын Жаңырык айылына  жаңыдан курула турган  ма даният үйүнө акча каражатын  бөлүп  берүү жөнүндөгү Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2019-жылдын 16-августундагы №44 токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча А.Тажибаевдин  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы токтом кылат:

1.    Дара айыл аймагынын Жаңырык айылына жаңыдан курула турган маданият үйүнө 1500000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражатын 2021-жыл үчүн бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана   экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага жүктөлсүн.

 

Төрага:

М.Султанов