Редакцияот 24.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

 

2021-жылдын 24-августу № 37

ГЭС курууга жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын "Жерлерди которуу ( трансформациялоо) жөнүндөгү"  2013-жылдын 15-июль айындагы  № 145  -мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомун жетекчиликке алып, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Зардалы айылын электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн ГЭС куруу   максатындаКара-Бак айылдык кеңеши

Токтом кылат:

1.  Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Зардалы айылынын  Талаа участкасына кубаттуулугу 40 МВт ГЭС куруу үчүн №972-контурунда  жайгашкан 11,5 га  жер аянтын “Суу фондусунун жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер”категориясынакоторууга макулдук берилсин.

2. Жогоруда белгиленген жер аянтын мындан аркы трансформациялоо иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.  

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын. 

 

Айылдык кеңештин төрайымы:

 

Ж. Шадиманова