Редакцияот 24.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

 

2021-жылдын 24-августу № 30

Ардактуу атуул наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылындагы тургундардын кайрылуусун карап чыгып,  Кара-Бак айылдык кеңешинин Укук жана мыйзамдуулук комитетинин депутаты Алтынбек уулу Адилеттин билдирүүсүн эске алып,угуп жана талкуулап ички көчөлөргө ат кою максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

Токтом кылат:

 1.Төрөбай Нишановго  “Кара-Бак айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын .

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештин төрайымы:

 

Ж. Шадиманова