Редакцияот 24.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

 

2021-жылдын 24-августу № 29

Кара-Бак айылындагы ички көчөгө ат кою жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылындагы тургундардын кайрылуусун карап чыгып,  Кара-Бак айылдык кеңешинин Укук жана мыйзамдуулук комитетинин депутаты Алтынбек уулу Адилеттин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап ички көчөлөргө ат кою максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

Токтом кылат

1. Кара-Бак айылынын Курук-Сай участкасындагы “Ортолук” көчөсүн  “Сайдаров Махамат” атындагы көчө деп аталуусуна макулдук берилсин..

2. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап каттоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештин төрайымы:

 

Ж. Шадиманова