Редакцияот 24.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

 

2021-жылдын 24-августу № 28

Кызыл-Бел айылындагы ички көчөлөргө ат кою жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Укук жана мыйзамдуулук комитетинин депутаты Алтынбек уулу Адилеттин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап ички көчөлөргө ат кою максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кызыл-Бел айылындагы ички көчөлөргө Т.Алимбаев, Т.Маралиев жана И.Шадымановтордун ысымдарын коюга макулдук берилсин.

2. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап каттоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештин төрайымы:

 

Ж. Шадиманова