Редакцияот 06.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2021-жылдын 6-июлу № 22

Кызыл-Бел айылындагы жайкы маданият үйүнүн айланасындагы мунципалдык менчиктеги жер аянтардын башкы планын бекитүү жөнүндө

 

     Чек арага жакын жайгашкан Кызыл-Бел айылынын тургундарынын коопсуздугу үчүн милициянын таяныч пунктун куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Каламбековтун билдирүүсүн угуп, талкуулап  Кызыл-Бел айылындагы жайкы маданият үйүнүн айланасынагы мунципалдык менчиктеги жер аянтардын башкы планын бекитүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Бел айылындагы жайкы маданият үйүнүн айланасында жайгашкан мунципалдык менчиктеги жер аянтардын башкы планын бекитүүгө макулдук берилсин.

2. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап башкы пландын негизинде жер аянтын бөлүп берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештин төрайымы:

 

Ж. Шадиманова