КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы
2021-жылдын 10-апрели № 8
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасындагы калктуу конушка которулган 300,0 га жер аянтынын башкы планын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасындагы калктуу конушка которулган 300,0 га жер аянтына иштелип чыккан башкы планын карап чыгып, талкуулап Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасындагы калктуу конушка которулган 300,0 га жер аянтына иштелип чыккан башкы планы бекитилсин.
2.Иш кагаздарын бүтүрүп мыйзам негизинде комиссияда карап жер аянттарын бөлүп берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
|
А. Айдаров | |
|