КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы
2021-жылдын 10-апрели № 9
Кызыл-Бел айылынын тургуну Эркинова Айчүрөк Абдирашитовнанын арызын кароо жөнүндө
Кызыл-Бел айылынын тургуну Эркинова Айчүрөк Абдирашитовна Кызыл-Бел айылынын С.Амалов көчөсүндө жайгашкан мурдагы тамеки ферментация кылуучу цехтин жуунучу (душевой) бөлмөсүн 1995-жылдан бери пайдаланып жашап келгендигин жана А.А.Эркинованын II группадагы майыптыгын, №382 социалдык паспорт боюнча өтө жакыр жашаган үй-бүлө экендигин эске алып, курулуш турак жай багытындагы 0,08 жер аянтын өзүнө бекитип берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Бел айылынын тургуну Эркинова Айчүрөк Абдирашитовна Кызыл-Бел айылынын С.Амалов көчөсүндө жайгашкан мурдагы тамеки ферментация кылуучу цехтин жуунучу (душевой) бөлмөсүн 1995-жылдан бери пайдаланып жашап келгендигин жана А.А.Эркинованын II группадагы майыптыгын, №382 социалдык паспорт боюнча өтө жакыр жашаган үй-бүлө экендигин эске алып, курулуш турак жай багытындагы 0,08 жер аянтын өзүнө бекитип берүүгө макулдук берилсин .
2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кенештин төрагасы: |
А. Айдаров |
|