Редакцияот 10.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы

 

2021-жылдын 10-апрели № 15

Дөбө айылындагы жаңыдан курулуп жаткан 25 орундуу бала бакчаны ишке киргизүү жөнүндө

 

Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Дөбө айылындагы мектеп жашына чейинки балдардын билим алуусуна шарт түзүү, билим берүү жана тарбиялоо иштерин өркүндөтүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Дөбө айылындагы жаңыдан курулуп бүткөрүлүп жаткан 25 орундуу бала бакчасына 1 толук күндүү жана 2 кыска мөөнөттүү тайпа ачууга макулдук берилсин.

Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Дөбө айылындагы жаңыдан курулуп бүткөрүлүп жаткан бала бакча “Дөбө” балдар бакчасы деп аталсын.

Ачылган бала бакчанын штаттык бирдигин чечип берүү жагы Баткен райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

 

А. Айдаров