Редакцияот 30.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги Х сессиясы

 

2020-жылдын 30-декабры № 75

АВП Кызыл-Кыр ишканасынын 25% кредиттик кайтарымдын тарифин бекитуу жөнүндө

 

Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кыр ишканасынын жетекчисинин билдирүүсүн эске алуу менен Кара-Бак айыл аймагына караштуу Кызыл-Бел айылынын 1150 га жер аянтына кирген ар бир сотых жер үчүн жарандардын 25%дык насыянын кайтарым төлөмүн Кыргыз Республикасынын жарандык кодексинин 299-беренесинин негизинде 108 сом өлчөмүндө бекитүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кара-Бак айыл аймагына караштуу Кызыл-Бел айылынын 1150 га жер аянтына кирген ар бир сотых жер үчүн жарандардын 25%дык насыянын кайтарым төлөмүн Кыргыз Республикасынын жарандык кодексинин 299-беренесинин негизинде 108 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.    Тариф боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.    Токтомду аткаруу жагы АВП Кызыл-Кыр ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.

 

Кенештин төрагасы:

 

А. Айдаров