Редакцияот 15.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Халмион айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы

 

2021-жылдын 15-майы № 02

Халмион айыл аймагынын айылдык кеңешин Типтүү регламентин долбоорун  бекитүү туралуу

 

      Халмион айыл аймагынын айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештин депутаттарын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» мыйзамдарына негиз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигиин 25.11.2013-жылдагы №01-14/65 буйругу менен  даярдалып бекитилген айылдык кеңештердин Типтүү регламентине таянып Халмион айылдык кеңешинин Типтүү регламентин долбоорун бекитүү максатында токтом кылат;

1.    Халмион айыл аймагынын  айылдык кеңешинин Типтүү регламенттин долбоору  №1 тиркемеге ылайык алымча кошумчалары жана толуктоолору менен бекитилсин.

2.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Халмион айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби жана регламент боюнча туруктуу комиссия курамына милдеттендирилсин.

 

Төрага

З. Кожонов