Редакцияот 24.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Халмион айыл аймагынын айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыш кезектеги отуз алтынчы сессиясы

 

2020-жылдын 24-декабры № 112

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн каржы министрлигине караштуу Үлүштүк дем берүүчү грантына  долбоорлорду даярдоо жөнүндө

 

     Халмион айыл аймагынын  социалдык инфраструктурасын жакшыртуу максатында 2020-жыл бюджеттик угуулардын чечимдерине негиз түзүлгөн  демилгечи топтор аркылуу Республикалык бюджеттин Каржы министрлигине караштуу Үлүштүк дем берүүчү грантына даярдалган долбоорлорду карап талкуулап чыгып Халмион айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом  кылат;

1.    Халмион айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинен Халмион айыл аймагынын Таш-Добо айылынын  Н Ирисов атындагы орто мектебинин спорттук аянтына кичи фудбол аянтын куруу долбооруна айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары айыл өкмөтүнүн  бюджетинин 31112290- статьясынан 320000,0 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.    Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Халмион айылдык кеңешинин бюджет жана экономика комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Г. Матажиев