КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз VII - сессиясынын
2021-жылдын 18-августу № 21
Токой экосистемаларын интеграциялык башкаруу долбоору алкагында иш алып баруу жөнүндө
Токой экосистемасын интеграциялык башкаруу долбоорунун директору Жантаев Канат Медербековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Баткен токой чарбасына 40 га жер аянты 5 жылдык мөөнөт менен ижарага берүү жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
2. Жергиликтүү калктын социалдык абалын эске алуу менен,ижарага берилген 30 га жер аянты жакыр үй-бүлөлөргө берилсин,мөмө-жемиш көчөттөрү менен камсыз кылуу жагы Баткен токой чарбасынан суралсын.
3. Ушул долбоордун алкагында иш алып баруу жагы 1 жылдык мөөнөттө, аталган долбоор максаттуу ишке ашпаса кайра айыл өкмөттүн карамагына кайтарылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырамын.
Төрага | Д. Калыкова |