КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз VII - сессиясынын
2021-жылдын 18-августу № 23
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кара-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүн өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси А.Эрматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аппарат разделинин 2221 беренесинен канторанын ремонтуна каралган 80,0 миң сом жана ушул беренеде мектептердин ремонтторуна каралган 100,0 миң сомду ушул эле разделдин 3111 курулмаларды куруу беренесине Ш.Токсонов атындагы орто мектебине ажааткана курууга 100,0 миң сом, ооруукананын тосмосуна 80,0 миң сом, жалпы суммасы 180,0 миң сом жылдырылсын.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Калыкова |