Редакцияот 18.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Булак айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз VII - сессиясынын

 

 

2021-жылдын 18-августу № 24

“Туран Баткен”футболдук клубунун Президенти А.Сапаровдун катын кароо жөнүндө

 

      Баткен райондук “Туран Баткен” футболдук  клубунун Президенти  А.Сапаровдун катын карап чыгып Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бужум айылында муниципалдык менчиктеги футбол аянтчасын ижарага берүү, мыйзамдуулугун кароо өкмөт башчыга  милдеттендирилсин.

2.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Булак айылдык Кеңешинин алдындагы мыйзамдуулук укук тартип, этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 

 

Төрага

Д. Калыкова