Редакцияот 06.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Булак айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VI - сессиясынын

 

 

2021-жылдын 6-августу № 15

Жарандардан түшкөн арыз даттанууларды кароо жөнүндө

 

Айылдык Кенештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комитетинин  төрагасы А.Жайнаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы  токтом кылат:

1.    Кара-Булак айыл өкмөтүнүн  кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги  2021-жылдын август айында ижара  мөөнөтү бүтүп, кайрадан ижарага  берилүүчү жерлерди тактоо.

2.    Кара-Кол каналы аркылуу өздөштүрүлө турган жерлерди, кайрак үлүш,суугат, жайыт,кысыр аңыз бардык категориясы менен аныктоо.

3.    Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу  кайрак жерден ижарага берилүүчү  жер аянтын инвентаризация кылып, элге жеткиликтүү маалыматты жеткирүү жагы Кара-Булак  айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын. 

4.    Турак жайга,ижарага бериле турган жерлерди тактоо Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин

5.    Кырман жай участкасында ижарага берилген жерлердин кандай тартипте кимге берилгендигин аныктоо жана картада көрсөтүлгөн суугат айдоо жерлердин мыйзамдуулугун тактоо Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Д. Калыкова