КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VI - сессиясынын
2021-жылдын 6-августу № 19
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилген жардамдар жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Икрамидин уулу Абдырасулдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча алты ай ичинде аткарган иш аракеттери канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Кара-Булак айыл өкмөтү тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилген жардамдар көнүлгө алынсын.
3. Аз камсыз болгон жана багуу кароосу жок үй-бүлөлөрдү көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн эсебинен жардамдарды такай берүү жагы айыл өкмөтүнүн социалдык адистерине тапшырылсын.
Төрага |
Д. Калыкова |