Редакцияот 01.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Булак айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 30- сессиясынын

 

 

2021-жылдын 1-марты № 3

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетин иш чаралар боюнча жана кирешелердин 2021-жылдын январына карата калган калдыгын бекитүү жөнүндө

 

     Кара-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси А.Эрматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги 30-сессиясы токтом кылат :

1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн  2021-жылга жергиликтүү бюджетинин 19142,7  мин сом өлчөмүндө чыгашалары иш чараларга бөлүнүшү тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн негизги кирешелеринин 2020-жылдын 2021-жылга калдык болуп өткөн 686,3 мин сом акча каражаты, айыл өкмөтүнүн аппарат разделинин 2215 ( ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу) беренесине 286,3 мин сому жана 3112 (машина жабдыктары сатып алуу) беренесине 400,0 мин сому бекитилсин.

3. Ал эми Кара-Булак айыл өкмөтүнүн балдар бакча разделинин атайын эсебинде 2021-жылга калдык болуп өткөн 12,2 мин сом акча каражаты ушул эле  разделдин 2218 ( тамак аш продукциясын сатып алуу) беренесине бекитилсин.

5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

И. Тилеков