КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 2- сессиясынын
2021-жылдын 21-майы № 8
Кара-Булак айылдык Кеңешинин типтүү регламентин бекитүү жөнүндө
Кара-Булак айылдык Кеңешинин ишин уюштурууда усулдук жардам көрсөтүү жана ыйгарым укуктуу негиздерди бекитүү максатында айылдык Кеңештин типтүү регламентин карап чыгып жана кеңири талкуулап Кара-Булак айылдык Кеңешинин
7-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Булак айылдык Кеңешинин типтүү регламентине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип бекитилсин.
2. Айылдык Кеңешинин өкүлчүлүктүү органынын ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларын жана ушул иштөө регламентти жетекчиликке алуу жагы айылдык Кеңештин депутаттарына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрайым: | Д. Калыкова |