Редакцияот 01.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 18- кезексиз сессиясы

 

2021-жылдын 1-марты № 1

2021-жылдын  башына айыл өкмөттүн  эсептик счеттогу калган калдык акча каражатынын сарпталышы боюнча  бюджетке жана атайын каражатка  кошумча  смета киргизүү  жөнүндө

 

Майдан айыл өкмөтүнүн бюджеттик жана атайын каражаттык эсептик счеттордогу 2021-жылдын башына калган акча каражаттарын жумшоо боюнча Майдан айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетине Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексинин» негизинде түзүлүп, айылдык кеёештин бюджет жана экономика боюнча комиссиясында каралып, талкуулангандыгын эске алып, айыл өкмөтүнүн экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчинин милдетин аткаруучу  Жээнбек уулу Юнусалинин сунушун угуп, Майдан айылдык кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Майдан айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын башына калган бюджеттик акча каражатты 15143,9 миё сомду айыл өкмөттүн аймагындагы ар кандай көйгөйлүү маселелерин чечүү үчүн жумшалсын. №1-тиркеме (кошумча сметанын негизинде).

2.    Майдан айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын башына калган атайын каражаттагы акча каражатты 10096,0 миё сомду айыл өкмөттүн аймагындагы ар кандай көйгөйлүү маселелерин чечүү үчүн жумшалсын. №2-тиркеме (кошумча сметанын негизинде).

3.    Майдан айыл өкмөтүнүн экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчисинин милдетин аткаруучу Жээнбек у Ю. бюджетке тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы милдеттендирилсин.

4.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Тагаев