Редакцияот 01.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 18- кезектеги сессиясы

 

2021-жылдын 1-марты № 9

“Сурматаш” мамлекеттик  жаратылыш коругунун балансында турган  Майдан айыл өкмөтүнө караштуу  21585га жерди “Өзгөчө Корголуучу Жаратылыш Аймактар” категориясына өткөзбөө жөнүндө

 

“Сурматаш” мамлекеттик  жаратылыш   коругунун балансында турган  Майдан айыл өкмөтүнө караштуу  21585 га жерди “Өзгөчө Корголуучу Жаратылыш Аймактар” категориясына өткөзбөө максатында:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    “Сурматаш” мамлекеттик  жаратылыш   коругунун балансында турган  Майдан айыл өкмөтүнө караштуу  21585 га жерди “Өзгөчө Корголуучу Жаратылыш Аймактар” категориясына өткөрүлбөсүн.

2.    “Сурматаш ”мамлекетик коругу курган блок посту жолдун боюунан алынсын, жана өзүнүн аймагына курулсун.

3.    Токтомдун аткарылышы  Майдан айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Балтабаевге милдеттендирилсин.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айыл өкмөтүнүн орун басары Ы.Калбаевке  жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж. Тагаев