Редакцияот 12.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы

2021-жылдын 12-июлу № 11

Кадамжай шаарынын күнүнө карата “Кадамжай шаары 50 жылдан кийин” аталыштагы дилбаян конкурсун өткөрүү жөнүндө

 

Кадамжай шаардык кеңеши

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1.    Кадамжай шаарынын күнүкө карата “Кадамжай шаары 50 жылдан кийин” аталыштагы дилбаян конкурсун шаардык мэрия тарабынан өткөрүүгө уруксат берилсин.

2.    Конкурстун Жобосун 2021-жылдын 1-августуна чейин иштеп чыгуу жана шаардын тургундарына жарыялоо жагы Кадамжай шаардык мэриясына тапшырылсын.

3.    Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.

4.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

А. Абдыразаков