Редакцияот 12.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы

2021-жылдын 12-июлу № 12

Жийделик участкасындагы теплицанын түтүктөрүн “Азим Булактан” тартылып жаткан таза сууга иштетүү жөнүндө

 

                 Кадамжай шаардык кеңешинин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Кадамжай шаардык кеңеши 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1.    Жийделик участкасындагы теплицанын түтүктөрүн демонтаждап, “Азим Булактан” тартылып жаткан таза сууга иштетүүгө макулдук берилсин.

2.    Кадамжай шаардык мэриясына теплицанын түтүктөрүн демонтаждоого кеткен чыгымдарды шаардык кеңештин каржы, бюджет, экономиканы өнүктүрүү жана жер, курулуш, транспорт боюнча комиссиялардын макулдашуусу менен бөлүп берүү жагы жүктөлсүн.

3.    Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.

4.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

А. Абдыразаков